Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституция Күнү
Эл аралык Түрк академиясынын жетекчилиги жана жамааты боордош кыргыз элин Конституция Күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, өнүгүүнүн жаңы баскычына кирген өлкөгө ынтымакты, биримдикти жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайт.
Кыргыз Республикасынын көз карандысыз мамлекет катары биринчи Конституциясы 5-майда, 1993-жылы Жогорку Кеңештин 12-сессиясында кабыл алынгандыгын белгилей кетүү керек. Өткөн жылы жалпы элдик референдум аркылуу 5-майда күчүнө кирген жаңы Конституция кабыл алынган.
https://twesco.org/post/981